http://www.ktrk.kg/Газ куюучу жайларда коопсуздук чаралары сакталбайт

Газ куюучу жайларда коопсуздук чаралары сакталбайт

23 Май 2016 , 17:12 979

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бир жыл мурда өлкөдө күйүүчү майдын наркы кымбаттаган мезгилде, авто унаалар арзанына карап газ менен жүрүүгө өтө баштаган. Мындан улам Бишкек шаарында авто унааларга суюлтулган газды куючу жайлардын саны көбөйүүдө. Бирок тилекке каршы, анын бардыгы эле нормативдик-техникалык документтердин талаптарын сактай бербейт. Бүгүн экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын өкүлдөрү газ куюучу жайлардын абалын текшеришти.

Ахунбаева көчөсүндөгү бул газ куюучу жайдын кызматкери, текшерүү башталганда эле ишин токтотууга шашты. Себеби колунда эч кандай документи жок, жайгашкан жери да туура эмес, жолдун эле боюнда.
Анкара көчөсүндө жайгашкан газ куюучу жай болсо, так эле май куюучу бекеттин түбүнө орнотулган. Анысы аз келгенсип, май куюуга келген унаалар чыгаарда айланып чыгып кетчү жол да тосулуп турат. Анда иштеген инспектор деле газды эрежеси менен куюп бермек турсун, өзү жакында эле ишке орношконун айтат.
Газ куюучу жай куруу үчүн алгач анын баардык талаптары жазылган долбоорду алуудан баштоо керек. Жолдош Шопоков бул тармакта көп жылдык тажрыйбасы бар болгондуктан, текшерүү учурунда тиешелүү документтерди толук көргөзө алган жалгыз адам болду.


Туура эмес салынган газ толтуруучу жайлар ар кандай кырсыктардын келип чыгышына гана себеп болбостон, адам өмүрүнө, ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө да коркунуч келтирет. Ага ылайык, газ куючу жай, үйлөрдөн, коомдук имараттардан, аялдамадан канчалык алыстыкта жайгашуусу керек деген атайын эреже да бар.
Мурдагы жылдары өлкөдө бензиндин бир литри 50 сомго чукулдап барган мезгилде, көпчүлүк айдоочулар унаасын суюлтулган газ менен жүргүзүп калышкан. Ошондон бери Бишкек шаарында газ куюучу жайлардын саны бир топ арбыды. Бирок көпчүлүгү эрежелерге жоо бере бербейт.
Негизи газ куюучу жайларда иштеген операторлор дагы окутуу борборлорунан билим алып, коопсуздук эрежелерин билиши абзел. Анткени газды куюу өтө кооптуу болгондуктан, айдоочу сыртка чыгарылып, ар бир унаа текшерүүдөн өткөрүлүшү керек. Бирок бүгүнкү текшерүүнүн жыйынтыгында эч бир оператор мындай эрежени айтып бере алган жок.



Новости по дате