http://www.ktrk.kg/УКМК: Жалал-Абадда диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды

УКМК: Жалал-Абадда диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды

19 Фев , 13:36 525

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абадда жасалма акчаны сатууга аракет кылган диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды. 

УКМКнын маалыматына ылайык, өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалпы суммасы 30 миң доллар жасалма акча каражаттарын сатууга аракет кылып жаткан учурунда, 34 жаштагы жаран жана диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалган. 

Алар жасалма долларды чек арадан мыйзамсыз алып өтүп, 10 миң жасалма долларды чыныгы 4 миң 500 долларга алмаштырууга аракет кылышкан. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин “Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо” беренси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына эки айга киргизилди.

Новости по дате