http://www.ktrk.kg/Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн парламентинин жыйынына катышууда

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн парламентинин жыйынына катышууда

20 Фев , 10:10 282

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз


Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн парламентинин жыйынында сөз сүйлөйт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат.

Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсү Өлкөнүн Президентинин катышуусу менен өтөт.
Парламенттин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө, ал өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу ынтымакты бекемдөө боюнча актуалдуу маселелерге токтолот.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-щберенесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өлкөнүн Президенти Жогорку Кеңештин жыйындарына чыгып сүйлөөгө укуктуу.


Новости по дате