http://www.ktrk.kg/Президенттин катышуусундагы жыйында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти

Президенттин катышуусундагы жыйында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти

20 Фев , 11:07 525

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, сөз сүйлөөдө. Аталган жыйынында Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти. 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсү Өлкөнүн Президентинин катышуусу менен өтүүдө. 

Парламенттин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу ынтымакты бекемдөө боюнча актуалдуу маселелерге токтолууда. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өлкөнүн Президенти Жогорку Кеңештин жыйындарына чыгып сүйлөөгө укуктуу.



Новости по дате