http://www.ktrk.kg/Кытайда коронавирустан айыккандардын саны 16 миңден ашты

Кытайда коронавирустан айыккандардын саны 16 миңден ашты

20 Фев , 11:21 228

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирустан 16 миңден ашык адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми каза болгондордун саны 2121ге жетти, вирусту жуктуруп алгандар 74 миң 675 адам.

Кытайдан башка өлкөлөрдө вирусту жуктургандар Жапонияда 704 адам, Сингапурда 84 адам, Түштүк Кореяда- 82 адам, Гонконгдо 65, Таиландда 35, Германияда 16 киши, АКШда 15 киши катталган. 

Андан сырткары, Жапония, Франция, Гонконг, Тайвань жана Филиппинде коронавирустан каза болгондор бар. Жапонияда коронавирустан 3 адам каза болду. Алардын экөө «Алмаз ханышасы» саякаттоочу кемесинде вируска кабылгандар.

Новости по дате