http://www.ktrk.kg/Кыргызстан-Россия: эриш-аркак жылына карата уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

Кыргызстан-Россия: эриш-аркак жылына карата уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

20 Фев , 15:23 372

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын эриш-аркак жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду. 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында пландалган иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруунун маанилүүлүгү белгиленди. Эки мамлекеттин кызматташуусунун эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылыш аземи 27-февралда Москвада өтө турганы айтылды. 

Боронов өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары эриш-аркак жылдын программасына киргизилген иш-чараларды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн уюштуруу жана башка маселелерди чечүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.


Новости по дате