http://www.ktrk.kg/Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Кино кербени” башталды

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Кино кербени” башталды

21 Фев , 10:33 1595

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Кино кербени” башталды. Анын алгачкы күнүндө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде тартылган, ошондой эле кыргыз киносуна чоң салымын кошкон кинорежиссёр Геннадий Базаровдун аты уйкаш тасмасы көрсөтүлдү. 

Тасманы көрүүгө кино тармагындагы белгилүү режиссёрлор, актёрлор жана студенттер келишти. Белгилей кетсек, “Кино кербени” 2020-жылдын 21-июнуна чейин өлкөнүн бардык аймактарында болуп, согуш темасына арналган тасмалар көрсөтүлөт.


Новости по дате