http://www.ktrk.kg/Кара-Буура: артык кылабыз деп, жолдун тамтыгын чыгарышкан жолчулар

Кара-Буура: артык кылабыз деп, жолдун тамтыгын чыгарышкан жолчулар

24 Фев , 16:59 187

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Лермонтов көчөсүнүн тургундары "Элдик репортерго" билдирүү жөнөтүшкөн. Алардын айтымында, 2019-жыл жолду кеңейтебиз деп, сүзүп кеткен, ошондон бери мына мынтип азабын тартып жатабыз. Мурунку жолубуз жакшы болчу таштак. Мектеп окуучулары баткакка белчесинен батып барып келишет. Айыл өкмөткө канча кайрылдык, жыйынтык жок. 250 метр жери ушундай. Тыгылып калган буттубузду чыгар албай убара тартабыз. Тийиштүү органдар көйгөйүбүздү чечип беришсе жакшы болмок,- деген айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате