http://www.ktrk.kg/Байтур конушунун тургундары "ШампВин комбинатына" нааразы болушууда

Байтур конушунун тургундары "ШампВин комбинатына" нааразы болушууда

24 Фев , 17:00 215

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сокулук районунун Байтур конушунун тургундары "Элдик репортерго" билдирүү жөнөтүшкөн. Бул конушта «ШампВин комбинат» заводу бар. Эми бул заводдун дубалынын төбөсүнөн түтүк өтөт, ал түтүк аркылуу суулар көчөгө агат, эч кандай арык казылган эмес. Жамгыр жааганда көчөбүзгө суу толуп калат. Заводдун директоруна канча айттык, аткарбай келет. Кимге кайрыларыбызда да билбей калдык. 3 жылдан бери ушуну менен алышып келебиз. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате