http://www.ktrk.kg/Маданият - улуттун жүзү

Маданият - улуттун жүзү

24 Фев , 21:32 471

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловду кабыл алып, тармакты колдоо чаралары менен таанышты. Өлкө башчысы маданий объектилерди оңдоп-түзөө жана санариптештирүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттерден кабар алды.

Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак мамилелер жылынын алкагында бир нече маданий иш-чаралар уюштурулат. Президент буга өзгөчө көңүл буруп, жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Аны менен бирге былтыркы жылдан тарта бир нече маданият мекемелери оңдолуп баштаган, айрымдары колдонууга берилсе, кээ биринде иш кызуу жүрүп жатат.

Ошондой эле, бул жылда балдарды колдоого өзгөчө көңүл бурулат. Жаңырган жылда президенттин жарлыгы менен бекитилген. Мындан улам келечектин туткасы болгон жаш муунду тарбиялоодо өзгөчө орду жаштар жана балдарга арналган маданият ордолору оңдолмокчу.

Санариптешүү өлкө турмушунун бардык тармагында ишке ашууда. Мамлекеттик саясаттын багыты ушундай. Өлкө башчысы министрди кабыл алуу учурунда санарип саясатты маданият тармагына да киргизүү учур талабы экендигин айтты.

Өткөн жылдан тарта улуттук деген макамы бар маданият мекемелеринин кызматкерлеринин айлыгы жогорулатылган. Бул жылда болсо музей жана китепкана кызматкерлеринин маянасын көбөйтүү каралууда. Аны менен бирге аймактардагы театр, филармониялар оңдолот. Маданият өкүлдөрүн турак жай менен камсыздоо аракети да көрүлүп, Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдүн курулушу башталган. Тилекке каршы каражат тартыштыгынан улам токтоп калган. Учурда ишти кайрадан жандантуу аракети көрүлүп жатат. Президент министрди кабыл алууда балдарды колдоо демилгелерин кубаттап, адамдын, коомдун жана жалпы эле өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүндө маданияттын өзгөчө ордун белгиледи. Өлкөнүн маданий мурастарын сактоонун жана арттыруунун зарылчылыгына токтолуп, маданият чөйрөсүнө мамлекет тарабынан мындан ары дагы чоң көңүл бурула тургандыгын айтты.





Новости по дате