http://www.ktrk.kg/Декларация туура эмес толтурган 18 прокурорго чара көрүлдү

Декларация туура эмес толтурган 18 прокурорго чара көрүлдү

26 Фев , 14:11 420

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекеттик салык кызматы мыйзам бузуу менен декларация тапшыргандар жөнүндө жиберген материалдар боюнча 18 прокурорго чара көрүлдү. 

Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, алардын киреше-чыгашасы боюнча 2018-жылга карата тапшырган декларациясында туура эмес маалымат камтылган. "Мыйзам бузуулардын басымдуу бөлүгү унааларды алып-сатууда өз убагында ээсине каттабаганында болду. 18 кызматкердин баарына эскертүү берилди. 

Тиешелүү буйрукка баш прокурор Өткүрбек Жамшитов кол койду. Ал эми 31 кызматкердин декларация боюнча мыйзам бузганы аныкталган жок", — деп айтылат маалыматта. Башкы прокуратуранын жетекчилиги тарабынан прокуратура органынын кызматкерлерине бул сыяктуу мыйзам бузууларга жол бербей, талаптарды так аткарууга тапшырма берилгени айтылат. 

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жыл сайын мал-мүлкү тууралуу Салык кызматына декларация тапшырат.

Новости по дате