http://www.ktrk.kg/Жалгыз-Жанак: мектепке жол жок, окуучулар кыйналууда

Жалгыз-Жанак: мектепке жол жок, окуучулар кыйналууда

26 Фев , 16:22 150

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жанак айылынын тургундары көйгөйлүү маселеси менен "Элдик репортерго" кайрылган. Биз турган көчө Кудайберди Аваз көчөсү, бул көчө менен окуучулар мектепке барышат. Бирок бул көчөнүн аяк жагындагы жол тосулуп, үй салыганына байланыштуу, мектеп окуучулар жол узартып, тегеренип барууга аргасыз болууда. Бул негизи мыйзамсыз салынган. Жерлер бөлүнгөн жылдары жол түшкөн, ошол жол менен каттачубуз. Мыйзамсыз салынган үйдүн ээси айыл өкмөттө иштеп жүрүп жолду жаптырып алган. Ошондо биз жолду ачып бергиле деп барганда картада жол бар болчу, ачып беребиз дешкен. Бирок ачышкан жок. Кийин барсак жаңы картаны көргөзүп жол жок экен деп айтышты. Тийиштүү органдар ушул маселебизди чечип беришин суранбыз, -деген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате