http://www.ktrk.kg/ Кең-Булун: айыл өкмөтүндө коррупция маселеси качан чечилет?

Кең-Булун: айыл өкмөтүндө коррупция маселеси качан чечилет?

28 Фев , 13:35 214

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Ата районунун Кең-Булун айылынын тургундары айыл өкмөтүнүн ишине нааразы болуп, "Элдик репортерго" билдирүү жөнөтүшкөн. Алардын айытымыда, Айлыбызда коррупция токтобой койду. Балдар ойноочу аянтча бар, ал аянтчаны оңдойбуз деп ортодон канча акча жээп кетишти. 2018-жылы тегерегин тособуз деп 180 000 сом кеткен,  2019-жылы отургучтарды орнотушкан ага 87 000 сом кетти деп айтышты. Кылгандардын баары сапатсыз. Айыл өкмөтүн үстүнөн текшерген эч ким жок. Жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алышын суранабыз, - дейт айыл тургундары. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате