http://www.ktrk.kg/Чириген электр мамычасы кулаганы урат

Чириген электр мамычасы кулаганы урат

29 Фев , 14:47 168

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Электр мамылары авариялык абалда. Качан көңүл бурулат, качан алмаштырылат деген суроолор менен биздин программага Баткен облусунун Кара-Бак айылынын Куруксай округунун Достук көчөсүнүн тургуну кайрылган. Айыл тургунунун айтымында, бул көчөдө жер тилкелери 2003-жылы берилген. Түркүктөр эскиргенин айтып жергиликтүү эл кайрылбаган жери калган эмес. Кокустан кырсык болсо кесепетине ким жооп берет деп тынчсызданган автор тиешелүү мекемелерди авариялык абалда турган түркүктөрдү алмаштырып берүүнү суранган.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате