http://www.ktrk.kg/Эскилиги жеткен айыл өкмөттүн имараты

Эскилиги жеткен айыл өкмөттүн имараты

29 Фев , 15:01 175

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сокулук районунун Күн-Туу айыл өкмөтүнүн имараты авариялык абалда турат деп тынчсызданган телекөрүүчү кейиштүү видеосу менен бөлүштү. Ага көз чаптыра турган болсок, имарат чындыгында эски экенин көрүүгө болот. Полу эски, жыгачтары чирип калган. Көрүнгөн жеринен шыбы түшкөн. Дубалдардан жарака кеткен. Электр розеткалары кооптуу абалда. Ичи суук. Муну айткан коруучу айыл окмоттун абалына конул бурулса, - деп кейиген.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате