http://www.ktrk.kg/УКМК: экс-депутат Каныбек Осмоналиев митингди уюштурууга шектүү катары кармалды

УКМК: экс-депутат Каныбек Осмоналиев митингди уюштурууга шектүү катары кармалды

3 Март , 10:40 1445

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2020-жылдын 3-мартында УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, 2-мартта өткөн митингтин уютуруучуларынын бири, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев жана активдүү катышуучусу Д.А. кармалды.

Кармалгандар КР Кылмыш-жаза кодексинин 39- жана 309-беренелери (Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча кылмышка шектүү катары КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, аталган адамдарга карата жасалган кылмыш тууралуу билдирме берилип, алардын баш коргоо чарасы каралат. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Новости по дате