http://www.ktrk.kg/Ошто Мамлекеттик туунун 28 жылдыгы белгиленди

Ошто Мамлекеттик туунун 28 жылдыгы белгиленди

3 Март , 13:25 682

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына арналган “Желбирей бер эркиндиктин желеги” аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, КРнын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаардыктар жана жаштар катышты.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жалпы Кыргызстандыктарды куттуктап, бул күн өзгөчө майрам экендигин баса белгиледи.

“Мамлекеттик туунун күнүн белгилеп жатып, жалпыңыздарды патриоттуулукка , ар намыстуулукка үндөп кетем. Ар дайым Кыргызстандын желеги эркиндик үчүн, тынчтык үчүн желбирей берсин”,- деди Т.Сарыбашов.

Иш-чаранын жүрүшүндө, жоокерлер Мамлекеттик тууну борбордук аянтка алып чыгып, өлкөнүн эркиндигин даңазалашты. Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент эки ай талкуулап 1992-жылдын 3-марттында кабыл алынган. Быйыл Кыргыз Республикасынын туусуна 28 жыл толду.

Новости по дате