http://www.ktrk.kg/Кара-Балтада көп кабаттуу үйдүн тургундары ишембиликке чыгышты

Кара-Балтада көп кабаттуу үйдүн тургундары ишембиликке чыгышты

3 Март , 15:30 248

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кара-Балта шаарындагы көп кабаттуу үйдө жашаган тургундар 2-март күнү ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу "Элдик репортерго" автор видео тартып жөнөткөн. 

Пальмиро Толбятти көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары кары-жашына карабастан, бардагы 2-март күнү ишембиликке чыгышты. Жашоочулар бардыгы биригип тегерек-четин жыйнап, шыпырып жана жашыл жерлерди тырмоок менен тазалап иреетке келтиришти. Бул көрүнүш шаардын тургундарынын баардыгына үлгү болуп, башкача айтканда "челендж" катары өткөрүлөт деп ойлойм. "Универсал" иш канасы келип жыйнасын дебей, өздөрү ишембилик өткөрүп жаткандыгы абдан кубандырды,- деп кошумчалады автор билдирүүсүндө.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате