http://www.ktrk.kg/Токмок шаарында мэр шайланбай калды

Токмок шаарында мэр шайланбай калды

26 Май 2016 , 9:34 333

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Токмок шаарында мэрди шайлоо өтпөй калды. Анткени жергиликтүү кеңештеги 31 депутаттын 13ү шайлоого келбей койгон. Аймактык шайлоо коммисиясынын маалыматы боюнча, бүгүн Токмокту башкарууга эки талапкер ат салышмак. 

Көпчүлүк коалиция азыркы вице-мэр Жыргалбек Шамыралиевдин талапкерлигин көрсөтсө, азчылыкта калган топ “Ак” партиясынын мүчөсү Мырза Жаманбаевди алып чыгышкан. 

Бирок шаардык кеңеште азчылыкты түзгөн “Кыргызстан” партиясы менен “Ак” партиясынын өкүлдөрү добуш берүүгө келбей койду. Учурда Токмок шаардык кеңешинде КСДП, Республика, Кыргызстан жана Ак партиясынын өкүлдөрүнөн турган 31 депутат бар.




Новости по дате