http://www.ktrk.kg/Бишкектеги №12 мектептин кошумча имараты жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет

Бишкектеги №12 мектептин кошумча имараты жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет

6 Март , 11:05 1053

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектеги №12 мектептин кошумча имаратын курууга 71 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башчысынын орун басары Жумабай Каримжанов билдирди. 

Маалыматка караганда, жаңы имаратты курууга коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар үчүн ачылган Бирдиктүү депозиттик эсептен акча бөлүнгөн. Келээрки аптада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компания имараттын чатырын жабууга киришет. 

Корпустун аянты 3 миң 200 чарчы метрди түзөт, ал 384 окуучуга эсептелген. Анда административдик бөлмөлөр, спорт зал, ашкана каралган. Мектептин жаңы имараты келе жаткан окуу жылында пайдаланууга берилмекчи.

Новости по дате