http://www.ktrk.kg/Өлкөдөгү мектептерде карантин болбойт

Өлкөдөгү мектептерде карантин болбойт

6 Март , 11:08 625

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын аймагында эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус катталган жок. Ыкчам штаб коронавирусту алдын алуу максатында көп адамдар топтолгон чоң иш-чараларды токтотуу чечимин кабыл алган. Ал эми мамлекеттик мекемелер кадимкидей эле кызмат көрсөтүп жатышат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги көпчүлүк балдар тумоолоп жаткандыктан мектептерде карантин болобу деген суроолорго жооп берди.

«Коронавируска байланыштуу мектептерде карантин жарыяланбайт. Азыркы күндө Кыргызстанда коронавирус катталган жок. Мектептерге карантин киргизүү зарылчылыгы да жок», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Новости по дате