http://www.ktrk.kg/Россия-Түркия: Сириядагы жаңжалды тынч жол менен жөнгө салуу макулдашылды

Россия-Түркия: Сириядагы жаңжалды тынч жол менен жөнгө салуу макулдашылды

6 Март , 11:14 246

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириядагы куралдуу жаңжалды тынч жол менен жөнгө салууну караган документти макулдашты. Бул тууралуу эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунан кийин президент Владимир Путин билдирди. Ал Москва менен Анкара Сириядагы абал тууралуу маалымат алмашып турарын айтты. 

Ошондой эле, Идлибдеги кырдаал “орус-түрк мамилесине залакасын тийгизбөөсүн” алдын алууну сунуш кылган. Ал Сирияда курман болгон аскерлердин жакындарына көңүл айтып, сириялык армия аларга атайылап сокку урбаганын белгиледи. Ал эми Режеп Тайып Эрдоган сүйлөшүүдө “Идлибдеги кырдаалды жеңилдетерин” белгиледи.

Новости по дате