http://www.ktrk.kg/“Бакубат Талас” фондунун жигердүү иши

“Бакубат Талас” фондунун жигердүү иши

9 Март , 21:31 789

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Талас облусун өнүктүрүү максатында түптөлгөн «Бакубат Талас» фонду дубандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө 450 млн сом сарптады. Фонд 2016-жылы “Жерүй” кенин иштеткен Алтын Альянс ишканасы тарабынан түзүлгөн. Беш жыл аралыгында бөлүнгөн каражаттын 40 пайызы социалдык долбоорлорго, ал эми 60 пайызы ишкерлик менен айыл чарбасын жандандырууга жумшалган. Жалпы 309 долбоор фонддун каржылык колдоосуна ээ болгон.

Кызыл-Адыр айылындагы «Бүчүр» бала бакчасында өзгөчө күн. Мында бөбөктөр асылзат айымдарды 8-март Эл аралык аялдар күнү менен куттуктап, майрамдык маанай тартуулашты. 

Бакча ичи мурдагыдан жылуу, жарык болуп оңдоодон өткөнүнө ата-энелер өзгөчө кубанычта. 48 жыл мурда пайдаланууга берилген бакча союз тарагандан кийин бир дагы оңдоодон өткөн эмес, Эшик-терезелеринин эскилиги жетип, жылдагы косметикалык ремонттон натыйжа деле чыкчу эмес экен. Былтыр бакчанын эшик-терезелери алмаштырылып, бакча толук жаңыртылган. 

Бала бакчаны оңдоого “Жерүй” кенинен түшкөн каражат сарпталган. Ал үчүн «Бакубат Талас» фонду 1 млн 105 миң сом гранттык каражат бөлүп берген.

Белгилей кетсек, Жерүй кенин иштетип жаткан «Алтын Альянс» ишканасынын алдында 2016-жылы «Бакубат Талас» фонду түзүлгөн. Андан бери облус боюнча 309 социалдык, маданий, экономикалык багыттагы долбоор 450 млн. сомго каржыланган. Ошондой эле 8 пайыз жеңилдетүү менен ишкерликти өнүктүрүүгө, айыл чарбасын жандантууга насыялар берилген. Ушул тапка баш аягы 1400 адам фонддун пайдасын көрө алды. 




Новости по дате