http://www.ktrk.kg/Таза суу - өнүгүүгө өбөлгө

Таза суу - өнүгүүгө өбөлгө

10 Март , 22:02 1047

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Президент Сооронбай Жээнбеков эки кундук иш сапар менен Баткен облусуна барды. Мамлекет башчысынын алгачкы иш куну жыш болду. 

Президент бир катар социалдык обьктилерде болду. Анын ичинде таза суу жана ирригация жайлары жана орто мектептин абалы менен таанышты. Мектептин окуу болмолорун, спортзалдарын кыдырып окуучулар жана мугалимдер менен маектешип, республикалык оюндарда байгелуу орундарды ээлеп келе жаткан волейболисттерди белгиледи. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткенге болгон иш сапарын Баткен шаарындагы “Таза суу” муниципалдык ишканасынын жаңы имараты менен таанышуудан баштады. 

Баткен шаарын таза суу менен камсыздоо долборунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 129 млн евро каражат бөлүнүп, 2 кабаттуу имарат курулган. 


Новости по дате