http://www.ktrk.kg/Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мызам

Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мызам

10 Март , 22:26 391

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору демилгеленип, өткөн аптада парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды.

Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам буга чейин 2014-жылы да көтөрүлүп, бирок парламенттен колдоо тапкан эмес. Анда аларга “чет элдик агент” деген макам берүү маселеси козголгон. Ал эми жаңы мыйзамда коммерциялык эмес уюмдардын каржылык ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоо милдети гана көтөрүлүп жатат. Мыйзамды демилгелеп жаткан эл өкүлдөрүнүн айтымында өкмөттүк эмес уюмдар каттоодон өтүп жатканда коммерциялык максатты көздөбөрүн көрсөтүп, иш жүзүнө келгенде киреше табуу менен алектенип жаткандары бар.
Демилгечилердин айтымында мыйзам долбоору эч кандай тыюу салуу же башка ушул сындуу максатты көздөбөйт. Болгону киреше чыгашасын ачыктап, сарпталган акчанын отчетун гана тапшыруу милдети коюлууда. Коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн айрымдары каршы чыкса, кээ бири көзөмөлдөн качышпайт.
Бейөкмөт уюмдар тууралууу азыркы мыйзам боюнча алар кызматкерлеринин саны, жумушчулардын айлык акысы, социалдык төлөмдөр тууралуу гана маалымат беришет. Демилгеленип жаткан мыйзам алардын ишин толук түрдө токтотуу максатын көздөбөйт. Болгону башка мекемелер сыяктуу каржылык ишмердүүлүгүн ачык көрсөтүү талабы коюлууда. 



Новости по дате