http://www.ktrk.kg/Харьков шаарында Кыргызстандын консулдугун ачуу тууралуу сүйлөшүү жүрдү

Харьков шаарында Кыргызстандын консулдугун ачуу тууралуу сүйлөшүү жүрдү

12 Март , 10:48 793

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кечээ, 11-мартта Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Харьков областына болгон жумушчу сапарынын алкагында Харьков областынын мамлекеттик администрациясынын төрагасы Алексей Кучер менен жолугушту.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн учурунда тараптар Кыргызстан менен Украинанын Харьков областынын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгынын перспективдүү жактары тууралуу сүйлөшүштү.

Тараптар, ошондой эле, айыл чарба, жеңил өнөр-жай, IT-тармагында кызматташууга кызыктар болгон бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүнүн активдүү кызматташуусу, гидроэнергетика тармагында иштешүү, багыттар боюнча форумдарды өткөрүү, Жалал-Абад жана Харьков областтарын боордош кылуу, Харьков шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугун ачуу жөнүндө сүйлөшүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара макулдугун жана кызыктар экендигин билдирип, кийинки кадамдарды белгилешти. Жолугушуунун аягында Элчи Ж.Шарипов Харьков областынын сыйлуу конокторунун каалоо-тилектеринин китебине өз каалоосун жазып кетти. 

Новости по дате