http://www.ktrk.kg/Эскилиги жеткен мектеп, баткакка тыгылган жол, кыйналган эл

Эскилиги жеткен мектеп, баткакка тыгылган жол, кыйналган эл

13 Март , 13:43 88

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндөнгү Кара-Жыгач айылынын тургундары  №38 А.Осмонов атындагы авариялык абалын жанан жолдун начардыгын видеого тартып жөнөтүшкөн. Эскилиги жеткен мектеп 60-жылдары курулган, азыркы учурда чатырынан суу өтүп, дубалдары түшүп, полдору чирип, кулап калуу коркунучунда турат. 2014-жылы ӨКМдан авариялык абалда деген чечим чыгарган. Абдан эле кооптуу болуп турат. Кокус кулап кетсе ким жооп берет. Окуучулар коркунучта окуп келишет. Жолубуздан адам эмес, техника жүрө албай калды. Аймактарды өнүктүрүү жана балдарды коргоо жылында ушул мкаселени эске алып, мектебибизди жана жолубузга жогору жактагылар оң көзүн салып коюшса деген үмүттөбүз,- деген билдирүүлөрүндө.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате