http://www.ktrk.kg/Кызыл-Жар айылынын таштанды таштоочу жайы тазаланбайт

Кызыл-Жар айылынын таштанды таштоочу жайы тазаланбайт

16 Март , 14:17 245

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылынын таштанды таштоочу жайы тазаланбайт. Аталган таштанды жайынын тегерек чети тосулбагандыктан, шамал болгондо чачылып, желим баштыктар тургундардын короо жайына чейин каптайт. Ал эми таштандылардан чыгуучу жагымсыз жыттарды жана ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн дезинфекция иштери таптакыр жүргүзүлбөйт. Бул таштандыга өлгөн мал-жандыктар, ооруканадан чыккан таштындылар да ташталууда. Негизинен ооруканадан чыккан таштандылар, өлгөн мал-жандыктар чуңкурга көмүлүүсү шарт. Бирок аталган таштанды жайында бул талаптардын бири дагы сакталбай келет. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате