http://www.ktrk.kg/Дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны 170 миңге жакындады

Дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны 170 миңге жакындады

16 Март , 21:56 288

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны 170 миңге жакындады. Алардын жарымына жакыны сакайып, ооруканадан чыккан. Кооптуу илдеттен биринчилерден болуп жапа чеккен Кытайда абал турукташа баштады. Ал эми Италияда кырдаал курчуп жатат. Коронавирус дүйнөлүк экономикада бир катар тармактарга таасирин тийгизип, ири спорттук мелдештерди да үзгүлтүккө учуратууда.

Коронавирус чыгыштан батышка жылды. Мындан он чакты күн мурда Кытайда абал оор болуп келсе, эми Европаны вирус каптады. 16-марттын таңындагы статистикага таянсак дүйнө жүзү боюнча кооптуу илдетке 168 миңден ашык адам чалдыкты. 78 миңге жакын адам андан сакайды. Каза болгондор 6 жарым миңден ашканы кабарланды.






Новости по дате