http://www.ktrk.kg/Абылгазиев маданий-массалык иш-чараларды чектеген чечимге кол койду

Абылгазиев маданий-массалык иш-чараларды чектеген чечимге кол койду

19 Март , 10:48 297

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөт коронавирус инфекциясы боюнча абал жакшырганга чейин маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди. 

Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул чечим коронавирустук инфекциянын пайда болуу коркунучун алдын алуу жана өлкө калкынын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында кабыл алынды. Чечим бугүндөн тарта күчүнө кирип, коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин сакталып турат. Жеке жактарга жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга чектөө алып салынганга чейин жогоруда аталган иш-чараларды өткөрүүгө жана катышууга, көрсөтүлгөн объекттерге барууга тыюу салынат. 

Ошондой эле жайларга жана залдарга санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо абзел. Карантинге байланыштуу балдары окуу жайларга барбаган ата-энелер жогорку аталган жерлерге балдардын баруусуна жол беришпесин, - деп айтылат.

Новости по дате