http://www.ktrk.kg/Бюджетке өзгөртүүлөр киргизилет

Бюджетке өзгөртүүлөр киргизилет

19 Март , 23:39 282

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөттүн өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу мындай сунушун Жогорку Кеңеш колдоду. Коронавирустун Кыргызстанда пайда болушунан улам, киреше-чыгашалардын болжолу кайра каралып жатат. Аткаруу бийлиги казынада канчалык кыйынчылык жаралса да, социалдык төлөмдөр кечиктирилбей, өз убагында, жетиштүү көлөмдө төлөнүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле учурдагы абалга байланыштуу ишкерлерге жеңилдик берүүнүн жолдору талданып жатат. Эл өкүлдөрү өкмөттүн сунуштарын колдоп, кырдаалды саясатташтырбоого, кооптуу илдетти ынтымак жана тартип менен жеңүүгө чакырышты.


Новости по дате