http://www.ktrk.kg/Ноокат районунун 3 тургунунан коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Ноокат районунун 3 тургунунан коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

20 Март , 13:31 677

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда коронавирус менен дагы үч адам катталды. Бул тууралуу 20-марттагы маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. 

Анын айтымында, ооруга чалдыккандар Ноокат районунан аныкталган. Алар да Сауд Арабиясына умрага барып келген. Коронавирус жаңы табылган үч жаран учурда толук текшерүүдөн өтүп жатат, ал эми буга чейин аныкталган үч киши Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда көрсөтүлгөн шарт боюнча дарыланууда. Алтоонун тең абалы канааттандыраарлык. Ошондой эле, 14 күндүк обсервацияда 410 киши жатат. Анын ичинде коронавирус илдети 18-мартта аныкталган үч жаран менен кошо бир учакта келген 142 киши да бар. Умрадан кайтып келген жарандар менен байланышта болгон 1 миң 42 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.


Новости по дате