http://www.ktrk.kg/Коронавирустун жайылышына жол бербөө иштерин каржылоого эсептер ачылды

Коронавирустун жайылышына жол бербөө иштерин каржылоого эсептер ачылды

20 Март , 14:49 441

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды каржылоого акча каражаттарын которуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги үчүн «Айыл банк» жана «РСК банк» ачык акционердик коомдору бирдиктүү эсеп ачышты. 

COVID-19 менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга өз ыктыяры менен финансылык жардам көрсөтүүнү каалаган жарандар каражаттарды Финансы министрлигинин Борбордук казынасына төмөнкү реквизиттер боюнча которсо болот: Алуучу : «Айыл Банк» Эсеп номери: 13-52-11-99-27-70-28-65 (сом менен) же: Алуучу: «РСК Банк» Эсеп номери: 12-99-00-41-30-02-00-44 (сом менен)


Новости по дате