http://www.ktrk.kg/Дары каражаттары убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташылат

Дары каражаттары убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташылат

25 Март , 16:02 290

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине кирген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өлкөгө убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташууга уруксат берилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Бул чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) мындан ары жайылуусуна жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо максатында кабыл алынды.

Новости по дате