http://www.ktrk.kg/COVID-19: бейтаптарды дарылоого стационардык орундуктар жетиштүү

COVID-19: бейтаптарды дарылоого стационардык орундуктар жетиштүү

26 Март , 12:46 312

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

COVID-19 вирусу бар бейтаптарды дарылоого стационардык орундуктардын саны жетиштүү. Өлкө боюнча 1623 орундук ачылган, кошумча 715 орундук резервде, интенсивдүү терапия үчүн 215 орундук каралган, жана 68 орундук резервде. 

Бардык саламаттык сактоо уюмдары атайын ндускамалар жана бейтаптарды ооруканага жаткыруу алгоритми боюнча иштеп жатат. Өзгөчө, эпидемиологиялык абалы жагымсыз өлкөлөрдөн келген же COVID-19 оорулуулары менен байланышкан соматикалык илдеттери барларды, боюнда барларды, жаӊы төрөгөн айымдарды жана ымыркайларды обсервациядан стационарларга кабыл алуу тартиби жазылды.

Ошол эле маалда профили алмаштырылган стационарлардын жана коронавирусту дарылоо жана оорукананын ичинде жайылышын болтурбоо боюнча клиникалык, диагностикалык бөлүмдөрдүн адистери окутулууда.

Новости по дате