http://www.ktrk.kg/Каржылык жардам берүү караштырылат

Каржылык жардам берүү караштырылат

26 Март , 15:48 319

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык Валюта Фондунун Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушту. Анда коронавирус инфекциясынын Кыргызстандын экономикасына тийгизе турган коркунучтары, кесепеттер, илдеттин алдын алуу үчүн финансылык жардам маселеси талкууланды. Мамлекет башчысы Кыргызстан түзүмдүк реформаларды алдыга жылдыруу жана жалпы эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн дайыма жардам берип келген Эл аралык валюта фонду менен кызматташууга чоң маани бере тургандыгын белгиледи. Коронавирус инфекциясынын жайылышына жана дүйнөлүк финансылык рыноктордогу тобокелчиликтерге байланыштуу учурдагы кырдаал өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукка терс таасирин тийгизип жаткандыгы,

буга байланыштуу экономикалык кесепеттерди жумшартуу үчүн кечиктирилгис чараларды кабыл алуу зарылдыгы айтылды. Президент Эл аралык валюта фондуна коронавирус инфекциясынын жайылышынын терс кесепеттерин жумшартуу жана анын өлкөгө андан ары жайылып кетүүсүнүн алдын алуучу чараларды көрүү үчүн Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды. Тигран Погосян Фонд кинфекциянын жайылышынан улам экономикалык жактан жапа чеккен өлкөлөрдү каржылоонун алкагында чукул жардам көрсөтүүнүн ар кандай багыттарын караштырып жаткандыгын билдирди. Ал Кыргызстан чукул жардам алууга биринчилерден болуп билдирме бергенин жана фонд Кыргызстанга каражат жагынан жардам көрсөтүү маселесин жакынкы күндөрү ыкчам түрдө карай тургандыгына ишендирди.


Новости по дате