http://www.ktrk.kg/Жарандардын өздөрүнүн коопсуздугу үчүн коменданттык саатты бекем сактоо керек

Жарандардын өздөрүнүн коопсуздугу үчүн коменданттык саатты бекем сактоо керек

28 Март , 14:45 254

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул маанилүү, ансыз коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу мүмкүн эмес. Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттөгү жыйында билдирди. «Киргизилген тыюу салуулар бардык жарандарга белгилүү бир оңтойсуздуктарды жаратып жатат. Бирок бул убактылуу чектөөлөр жана өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн зарыл. 

Өзгөчө режим абалы киргизилген шаарлардын жана райондордун калкы киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, белгиленген эрежерлерди сактап башташты. Комендатуранын жана кээ бир мамлекеттик органдардын ишинде системалуу айрым бир кемчилдиктер бар. Аларды мүмкүн болушунча ыкчам четтетүү керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Өкмөт башчы борбор калааны азык-түлүк, күнүмдүк керектөө товарлары жана дары-дармектер менен камсыздап жаткан ишкерлер үчүн тоскоолдуктарды тезинен четтетүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурдурду. 

Премьер-министр медицина кызматкерлеринин бардык керектөөлөрүн камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи. Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө абал режими учурунда мамлекеттик органдардын көпчүлүк кызматкерлери үйдөн иштөөгө өтүүсү керектигин эскертти. Муну менен катар алар коронавирус инфекциясынын мындан аркы жайылуусуна жол бербөө максатында гигиенаны катуу сактоого милдеттүү.

Новости по дате