http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда дагы 2 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 2 адам коронавирустан айыкты

2 Апр , 14:09 340

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда дагы 2 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов кабарлады. Анын айтымында, бир аял жана бир эркек ооруканадан чыгарылды. Буга чейин Жалал-Абад облустук ооруканадан 3 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. Мамбетов кошумчалагандай, бүгүнкү күндө коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгон 1 миң 928 адам аныкталды. Анын ичинен 1-категориядагылар 478, 2-категориядагылар 1 миң 450 адамды түзөт.





Новости по дате