http://www.ktrk.kg/Жалал-Абад: коомдук тартип көзөмөлдө

Жалал-Абад: коомдук тартип көзөмөлдө

2 Апр , 15:11 319

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тастыкталбаган жалган маалыматты интернет жана WhatsApp аркылуу тараткан 2 жаран карамалып, ал адамдардын өздүгү такталып, учурда  кылымыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков бүгүн, 2-апрелде маалымат жыйынында билдирди. Коменданттын маалыматына ыйлык, өткөн сутка ичинде Жалал-Абад облусу боюнча 18 кылмыш катталып, 16 фактынын бети ачылган. Өзгөчө оор кылмыш каттаалган жок.  Өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда 2-апрелге караган түнү,  коменданттык саат учурунда 95 жаран кармалып, өздүгү аныкталгандан кийин алар менен  тиешелүү иштер алып барылган.  Коменданттык саат аяктаганда жарандар  үйлөрүнө кое берилген. Учурда Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коомдук саясий абал туруктуу деп билдирди комендант  Жеңиш Жоробеков.





Новости по дате