http://www.ktrk.kg/Өлкөдө коронавирустун дагы 9 учуру катталды, 1 адам каза болду

Өлкөдө коронавирустун дагы 9 учуру катталды, 1 адам каза болду

3 Апр , 9:57 786

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 9 жаӊы учуру катталды. 2020-жылдын 3-апрелине карата республиканын стационарларында COVID-19 инфекциясы тастыкталган 125 бейтап жатат, алардын ичинен 4 оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Мындан сырткары, 2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты.Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.Ошондой эле, бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн саат 13:00дөгү брифингде кошумча маалымат берет.

Новости по дате