http://www.ktrk.kg/Өлкөдө жаралган кырдаалда санарип саясаты кандай ишке ашууда?

Өлкөдө жаралган кырдаалда санарип саясаты кандай ишке ашууда?

4 Апр , 11:59 162

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тарап жаткан инфекциядан улам өлкөдө түзүлгөн кырдаалда, жарандардын ыңгайлуу жашоосун камсыздоо үчүн аларды заманбап, санарип технологияларды колдонууга максималдуу түрдө тартуу зарыл. Президент бүгүн, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, өзүнүн кеңешчиси Дастан Догоевди кабыл алып, азыркы шартта, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө санарип технологияларды колдонуунун жүрүшү менен таанышты.


Өлкө башчы менен жолугушууда Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы жөнүндө жарлыктын ишке ашуусу ошондой эле кыргызстандыктардын жашоосуна өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаал жана айрым шаарлар менен райондордогу өзгөчө абал шартында санарип технологияларды колдонууну кеңейтүү боюнча чаралар талкууланды. 


Түзүлгөн кырдаалда санариптик продуктуларды колдонуу муктаждыгы күчөп жаткандыгы айтылып, санариптик көндүмдөрдүн калк тарабынан тезирээк өздөштүрүлүшүнө, бул багыттагы программалар менен долбоорлорду ишке ашырууну максималдуу түрдө тездетүү керектигин белгиледи.



Комитет төрагасы түзүлгөн кырдаалдан улам Комитеттин базасында жеке сектордун катышуусу менен курамына ата мекендик жана жалпы дүйнө жүзү боюнча 400 IT адисинин башын бириктирген ыкчам IT-штаб уюшулганын билдирди. Бул адистер өз ыктыяры менен жана акы төлөнбөгөн негизде иштеп жатышат. 


Дастан Догоев ыкчам IT-штабдын маанилүү багыттарынын бири Республикалык ыкчам штабдын ишине көмөктөшүү болуп саналарын белгилеп өттү. Республикалык ыкчам штабдын тапшырмасына ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаалды эсепке алуучу атайын маалыматтык ресурстар ишке киргизилип жатат. Буга кошумча аймактардагы медициналык кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу зарылчылыгынан улам ушул жылдын аягына чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактардагы бардык бөлүмдөрүн жаңы санариптик чечимдер менен камсыздоо пландалууда.



Новости по дате