http://www.ktrk.kg/Италияда коронавируска чалдыккандардын саны азайууда

Италияда коронавируска чалдыккандардын саны азайууда

4 Апр , 13:24 438

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Соңку маалыматтарга караганда, Италияда коронавируска чалдыккандардын саны азайып жатканы байкалууда. Өлкөдө вирус жуктургандар 119 827 киши. Акыркы бир күн ичинде илдеттен 766 адам көз жумду. Каза болгондордун жалпы саны 14681 адамга жетти. Ал эми 19758 бейтап айыгып чыкты. 

Учурда ооруканага жаткырылгандардын саны кыйла төмөндөп жатат. Италия бийлиги коронавирусту алдын алуу боюнча штаб так маалымат алуусу үчүн массалык тестирлөө өткөрүүнү пландоодо.


Жарандарды коргоо департаментинин башчысы Анджело Борелли жалпы маалымдоо каражаттарына берген маегинде, Италиялыктар биринчи май майрамын карантиндик шартта белгилей турганын билдирди. Анын айтымында, мындай иш-чаралар биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин моймуна артылган жүктү жеңилдетүү максатында жана пандемияга байланышкан өзгөчө кырдаалдан чыгууга жардам берет.




Новости по дате