http://www.ktrk.kg/5-апрелге карата коменданттык сааттын тартибин  99  жаран бузган

5-апрелге карата коменданттык сааттын тартибин 99 жаран бузган

5 Апр , 10:26 314

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2020-жылдын 5-апрелине  карата Кыргыз Республикасынын аймагындагында коменданттык сааттын талаптарын бузган 99 жаран кармалып,  алар ички иштероргандарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жарандардын ичинен:

•       Бишкек шаары боюнча - 84,

•       Ош шаары боюнча       -   11,

•       Сузак районунда          -  2,

•       Кара-Суу районунда -  2  жаран  райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Жалал-Абад шаары менен Ноокат районунда коменданттык сааттын  талаптарын бузгандар катталган жок. Жалпысынан алганда, 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1866 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.


Новости по дате