http://www.ktrk.kg/4-апрель күнү өлкө боюнча 832 828 м2 аймак дезинфекцияланган

4-апрель күнү өлкө боюнча 832 828 м2 аймак дезинфекцияланган

5 Апр , 13:08 335

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Басма сөз кызматынын маалыматына караганда  коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өткөн сутка ичинде ӨКМ тарабынан  832 828 м унаа жодор  дезинфекцияланды.

Мындан тышкары:

-ӨКМ тарабынан 12 миңден ашуун орундук даярдалган;
- Өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак-үй орноштурулган;
- Обсервацияда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилип жатат;
- 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде  коронавирус боюнча 1081  чалуу түшүп, нөөмөтчүлөр келип түшкөн бардык суроолорго жооп беришүүдө. Өткөн суткада жалпы 7440 чалуулар түшкөн, басымдуулугу максатсыз чалуулар;

 - ӨКМ тарабынан 324 куткаруучу жана 96 унаа тартылган.

 

Новости по дате