http://www.ktrk.kg/Кубатбек Боронов: "Медиктерге вирус жуккан фактылар мындан ары болбошу керек"

Кубатбек Боронов: "Медиктерге вирус жуккан фактылар мындан ары болбошу керек"

8 Апр , 14:50 143

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандарды аныктоо боюнча иштер уланууда. Бул туурасында республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. Инфекция чыккан жерлерди дезинфекциялоо боюнча күчөтүлгөн иштер жүрүп жатат. Штабдын жыйынында коронавирус менен ооругандарды дарылоо жайларында иштеген медицина кызматкерлерин камсыздоо боюнча маселе көтөрүлдү.

«Бүгүнкү күнү 30дан ашуун медициналык кызматкерге коронавирус жуккан. Бул кайталанууга болбой турган кейиштүү учурлар. Ишке тартылган бардык медицина кызматкерлери коргоо кийимдери жана өздүк коргонуу каражаттары менен максималдуу түрдө корголушу керек. Бул биринчи кезекте дарыгерлерге жана башка медицина кызматкерлерине, ошондой эле бир катар кызматтардын өкүлдөрүнө тийиштүү. Ушул маселе боюнча кемчилдиктерди кетирген жооптуу адамдар жазаланат. Медициналык мекемелерде бардык бекитилген эрежелер катуу сакталууга тийиш, медиктерге вирус жуккан фактылар мындан ары болбошу керек», - деди Кубатбек Боронов. 

Ал белгилегендей, жер-жерлерде өндүрүштүк ишканалардын ишмердүүлүгү үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктар болбоого тийиш, алардын иши токтобошу керек. Бул жаатта жергиликтүү бийлик органдарына маселени тактоо тапшырылды. Ички иштер министрлигине калктын жана унаалардын кыймылын тартипке келтирүү, үйдөн тышкары чыгууларды болушунча азайтуу тапшырылды. Айрым жарандар техникалардын бузуктугуна байланыштуу талаа иштерин жүргүзүүнүн мүмкүн эместигине нааразы болушуп, тетиктерди сатып алуу зарылдыгын билдиришкенине байланыштуу Чүй облусунун Токмок шаарында жана Сокулук районунда айыл чарба техникаларына тетиктерди сатып алуу түйүндөрү уюштурулду. Аймактарда жергиликтүү бийлик органдарына зарылдыгына жараша бул маселени иштеп чыгуу тапшырылды. Медицина мекемелерин жасалма дем алдыруучу жабдуулар менен кошумча камсыздоо боюнча маселелер иштелип чыгууда.


Новости по дате