http://www.ktrk.kg/"Жардам штабы": гуманитардык азык-түлүктүн топтомун таркатуу башталды

"Жардам штабы": гуманитардык азык-түлүктүн топтомун таркатуу башталды

8 Апр , 15:56 264

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Турмуштук оор шартта калган жарандарды колдоо үчүн гүманитардык азык-түлүктүн топтомун таркатуу башталды. Бул иш даректүү түрдө, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилген тизменин негизинде жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары бул процесске Бишкек шаардык мэриясы жана Чүй облустук администрациясы кошулду. Аларда муктаждардын, ошондой эле жергиликтүү аймактык органдар жана кварталдык участоктор аркылуу жардамды бөлүштүрүү тизмеси бар. Мыйзамдыштырыла элек конуштарда тизмелерди түзүүгө жергиликтүү активисттер тартылган. Активдүү жарандардын катышуусунда түзүлгөн Элдик жардам штабы 1277 номери боюнча жашоочулардан колдоо көрсөтүү боюнча маалымат алышат. Штабда кайсы даректер боюнча азык-түлүк топтому берилери жеринде, штабда чечилет. Азыктарды ташууга ыктыярчылардын 100 унаасы катышууда. 5-апрелден тарта Бишкек шаардык мэриясынын жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин линиясы боюнча азык-түлүк түрүндө көмөк көрсөтүлө баштаган. Штабдын жана анын call-борборунун ишине ыктыярчылар менен биргеликте Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери ыктыярдуу түрдө катышып жатышат. Жалпысынан ушул күнгө чейин жардам штабы өлкө боюнча 44 миң 245 адамга азык түлүктөн жардам көрсөттү. Азык-түлүк топтому кайрымдуулук уюмдар, кайдыгер эмес жарандар жана ишкерлер тараптан берилди.

Мындан тышкары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан атайын эсеп ачылган. Ага мамлекеттик, жеке компаниялар, кайрымдуулук жана коомдук уюмдар каражаттарды сала алышат. 6-апрелге карата маалымат боюнча эсепке 6 млн 466 миң 962 сом түштү.

Новости по дате