http://www.ktrk.kg/Бишкек шаарынын коменданты калаа тургундарын дагы эки апта үйдөн чыкпоого чакырды

Бишкек шаарынын коменданты калаа тургундарын дагы эки апта үйдөн чыкпоого чакырды

8 Апр , 16:01 276

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын коменданты калаа тургундарын дагы эки апта үйдөн чыкпоого чакырды. Буга чейин ал илдетке алгачкы кабылгандар менен байланышта болгондордун инкубациялык мөөнөтү жакынкы күндөрдө аяктаарын айтып, өзгөчө абалдын талаптарын бир жума так сактоого чакырган. Бирок коронавирус Бишкекте дагы 10 адамдан аныкталганына байланыштуу чектөөлөрдү улантуу зарылчылыгы жаралып жатат. Борбор калаада бул илдет менен ооругандардын жалпы саны отуз бешке жетти. Өзгөчө абал режими 15-апрелде аяктайт. Аны узартуу маселеси карала элек.

“Илдетке кабылгандар көбөйүп жатканына байланыштуу бул көрүнүшкө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Кыргызстанда мындай алгачкы жолу болуп отурат. Адамдар менен байланышууну болушунча кыскартып, үйдө отуруңуздар”,- деди Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев.

Новости по дате