http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктурган дагы 10 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктурган дагы 10 жаңы учур катталды

9 Апр , 13:00 270

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктурган дагы 10 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын арасында эки медицина кызматкери бар. Ооруну жуктуруп алган дарыгерлер Ош шаарынан жана Аксы районунан.  Өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 280 кишиге жетти. Ал эми коронавирус жуктурган 10 бейтаптын абалы оор.





Новости по дате