http://www.ktrk.kg/ИИМ: Кара-Суу, Ноокатта тартип бузуу жок

ИИМ: Кара-Суу, Ноокатта тартип бузуу жок

9 Апр , 13:05 238

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 91 жаран кармалып, 10 автоунаа токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен Бишкек шаары боюнча - 61, Ош шаары боюнча - 6,Жалал-Абад шаары - 3, Сузак районунда - 21 факт. Ал эми Кара- Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок. Жалпысынан алганда 25-марттан тартып бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2192 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалган. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген. “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргызстандын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.




Новости по дате