http://www.ktrk.kg/Евразиялык Экономикалык Кеңешинин мүчөлөрү видеоконференция форматында жыйын өткөрөт

Евразиялык Экономикалык Кеңешинин мүчөлөрү видеоконференция форматында жыйын өткөрөт

14 Апр , 12:44 865

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумуш жыйынына катышат. 

Беларусь Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү жумушчу жолугушуусунда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана Евразия экономикалык бирлигинде экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу маселелери талкууланат. 

Эске салсак, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин мүчөлөрү – Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян.

Новости по дате